Бишкекте белгисиз унаа жаш кызды сүзүп кетти. Кырсыктын видеосу

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБорбор калаада "Мадина" базарына чукул жерде жол кырсыгы катталып, унаа жаш кызды сүзүп кеткен
Борбор калаада Мадина базарына чукул жерде жол кырсыгы катталып, унаа жаш кызды сүзүп кеткен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан кыз ошол жерден жан берген.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Борбор калаада "Мадина" базарына чукул жерде жол кырсыгы катталып, унаа жаш кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Whats App каналы аркылуу күбө билдирген.

Бул маалыматты Кайгуул милициясы тастыктады.

"Окуя Шабдан баатыр проспектиси менен Путепроводной көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Белгисиз унаа жаш кызды сүзүп кетип, ал ошол жерден көз жумган. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат", — деди милиция кызматкерлери.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0