Бишкекте эки унаа кагышып, жаш кыз жабыркады

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар в здании церкви и в частной школе в Бишкеке
Пожар в здании церкви и в частной школе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкекте эки унаа кагышып, жаш кыз жабыркады. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ күнү саат 18:40та Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Toyota Passo унаасы Рыскулов көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып Кулиевден солго бурулган Toyota Wish менен кагышып алган. Жыйынтыгында экинчи унаанын ичиндеги 12 жаштагы кыздын буту сынган", — деп жазылат маалыматта.

Эки айдоочу тең соо экени аныкталды. Учурда унаалар айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0