Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү жай жаранды бычактоого шектелип кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНарушивший закон мужчина в наручниках
Нарушивший закон мужчина в наручниках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-февралдан 16-февралга караган түнү Ош шаардык ооруканасына бычакталып, оор абалда киши келип түшкөн.

ОШ, 6-мар. — Sputnik. Ош шаарында "Изюм" ресто-барындагы кардарды бычактады делген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБи аймактык кабарчыга билдирди.

Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда окуучулар бычакташа кетти. ИИМ окуянын чоо-жайын айтып берди
Эске салсак, 15-февралдан 16-февралга караган түнү Ош шаардык ооруканасына бычакталып, оор абалда киши келип түшкөн. Ал Ош шаарынын 44 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган жаран "Изюм" ресто-барында белгисиз жаран тарабынан бычакталгандыгы аныкталган. Кылмыш ишине шектүү жаран окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Ыкчам тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан күбөлөр суракка алынып, тиешелүү экспертиза жүргүзүлдү.

17-февраль күнү кылмышка шектүү катары Алай районунда туулган 33 жаштагы жаран кармалган. Ал эми 3-март күнү буга чейин бир канча ирет соттолгон Кара Суу районунун Савай айылынын 33 жаштагы жашоочусу шектүү катары колго түшүрүлдү. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө учурунда ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМде каттоодо тургандыгы аныкталды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0