21:39 20 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Бишкектин ВДНХ аймагында Mercedes С-180 үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып көпүрөнүн үстүнөн ыргып кеткен.

ВДНХ аймагында Mercedes автоунаасы көпүрөдөн ыргып кетти. Жеринен алынган кадрлар

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
258311

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу мас абалында болгон.

БИШКЕК, 4-мар — Sputnik. Бишкектин ВДНХ аймагында Mercedes С-180 үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып көпүрөнүн үстүнөн ыргып кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон жаран WhatsApp-каналы аркылуу кабарлады. 

© видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
ВДНХ аймагында Mercedes автоунаасы көпүрөдөн ыргып кетти. Жеринен алынган кадрлар

Ал билдиргендей, унаа Чыңгыз Айтматов проспектиси менен келатып Орто-Сай айылына бурула берген жердеги көпүрөдөн кулап кеткен.

Күбө жөнөткөн видеодо унаанын айдоочусу мас абалында болгону айтылууда. Ошондой эле жеринде Кайгуул милициясы жүргөнү байкалат.

Ал эми Кайгуул милициясы бул боюнча маалымат такталып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болсоңуз Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу жиберсеңиз болот.

Тема боюнча

ВДНХ аймагындагы жол кырсык 2 жигит менен бир кыздын өмүрүн кыйды
Сокулукта поезд жүк ташуучу унааны жара сүздү. Жеринен алынган кадрлар
Белгилер:
көпүрө, унаа, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ