ОШ, 2-мар. — Sputnik. Ошто 11 жаштагы баланы автоунаасы менен коюп, кырсык болгон жерден изин жашырган 46 жаштагы айдоочу аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Чолпон Арстанбеков аймактык кабарчыга билдирди.
Ага ылайык, жол кырсыгы 5-январда Рыспай Абдыкадыров көчөсүндө катталган.
"11 жаштагы баланы белгисиз унаа сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Бала денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөн", — деди Арстанбеков.
Кайгуул милициясы тарабынан катталган жол кырсыгына шектүү катары Ош шаарынын 46 жаштагы аял тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.