Бишкекте уурулукка шектелип Кайгуул милициясынын кызматкери кармалды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРабота сотрудников ДПС в Москве
Работа сотрудников ДПС в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга шаар тургуну кайрылып, бир нече киши анын 10 миң сомун күчтөп тартып алганын билдирген.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкекте 21-февраль күнү уурулукка шектелип Кайгуул милициясынын кызматкери кармалганын укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирди.

Маалыматка ылайык, январь айында милицияга шаар тургуну кайрылып, бир нече эркек киши күчтөп 10 миң сомун алып алганын айткан.

"Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Октябрь РИИБдин кызматкерлери шектүү катары бир киши кармаган. Ал өзүнүн шериктери тууралуу айтып берди. Териштирүү маалында киши тоногондордун бири Кайгуул милициясынын кызматкери болуп чыкты", — деди маектеш.

ИИМ менен ШИИБ бул маалыматты тастыктаган да, төгүнгө чыгарган да жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0