Бишкекте түндө жол кырсыгы катталып, аял каза болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСкорая помощь
Скорая помощь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгына шектүү катары 23 жаштагы кыз кармалды.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында түнкү саат 00:30дар чамасында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 29 жаштагы келин каза болгонун Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Шабдан баатыр проспектисинде, Ахунбаев көчөсөнүн алыс эмес жерде болгон. Toyota Camrу үлгүсүндөгү автоунаа 29 жаштагы аялды коюп кеткен. Ал алган жаракатынан окуя болгон жерде жан берген.

Жол кырсыгына шектүү катары 23 жаштагы кыз кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0