БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ошто Boeing-737 учагы ден соолугу начарлап кеткен жүргүнчүдөн улам конуууга аргасыз болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.
Ош — Москва каттамы боюнча багыт алган учак 8.00дө абага көтөрүлгөн.
"Жүргүнчү аял өзүн жаман сезе баштагандыктан кайра конууга туура келген. Аялды түшүргөндөн кийин учак сапарын улантты", — деп айтылат маалыматта.
Учактан түшүп калган аялдын саламаттыгы эч кандай кооптуулук жаратпай турганы аныкталды.