ӨКМ: өрттөн эки адам каза болуп, дагы бир киши ооруканага жаткырылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПожар в Омской области
Пожар в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кечээ күнү тилсиз жоо эки адамдын өмүрүн алганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-фераль күнү, саат 11:45те Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылында үй күйүп, андан 61 жаштагы адамдын сөөгү табылган.

Мындан сырткары, Панфилов районундагы Күрпүлдөк айылында өрт чыгып, 52 жаштагы үй ээси жабыркап ооруканага жаткырылса, 17 жаштагы баласы көз жумган. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0