Күбө: бүгүн түнү Бишкектин чок ортосунда атышуу болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМужчина с пистолетом
Мужчина с пистолетом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз адамдар бир унаадан экинчи унаага ок чыгарган. Бирок окуянын катышуучулары милиция келгиче эле качып кетишкен.

БИШКЕК, 14 января — Sputnik. Жумадан ишембиге караган түнү Бишкектин Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишинде атышуу болгондугун Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө айтып берди. 

Окуя болжол менен түнкү саат 03.40 чамасында болгон. 

"Кинотеатрдын жанында Subaru Forester жана Lexus GX470 авто унаалары токтоп турган. Бир маалда биринчи унаадагылар экинчисин аткылай башташты. Мен куралдын төрт жолу атылганын уктум. Андан кийин эки унаа тең батышты көздөй кетип калышты. Атышуу маалында ок таксиге тийип, арткы айнегин талкалап кетти. Ошондон он мүнөт өткөндөн кийин эле милиция кызматкерлери келишти", — деди күбө. 

Милиция бул боюнча комментарий бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0