Чүйдө былтыр өспүрүмдөр жасаган 259 кылмыш катталган

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облусу боюнча 2016-жылдын 12 айынын ичинде жалпы 6015 кылмыш иши катталган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы облус аймагындагы кылмыштуулук боюнча бир жылдык жыйынтыктоочу жыйын өткөргөнү тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жыйын учурунда ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкааров облус аймагында өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштуулук ойлондуруп жатканын билдирген. 

"2016-жыл ичинде облус аймагында өспүрүмдөр тарабынан жасалган 259 кылмыш иши катталган. Мындай көрүнүш үйдө тартипке салган чоң адамдардын жоктугунан болуп жатат. Көпчүлүк ата-энелер акча табуу үчүн балдарын туугандарынын үйүнө таштап, чет мамлекетке кетип жатышат", — деп билдирген Абдыкааров. 

Ошондой эле жыйын учурунда 2016-жылы Чүй облусунда жалпы 6015 кылмыш иши катталып, анын 4352синин бети ачылганы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0