16:54 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Флориданын Форт-Лодердейл аэропортунда атышуу болгон жердеги полиция кызматкери

Флориданын аэропортундагы атышуудан 5 адам набыт болуп, 37 киши жаракат алды

© REUTERS / ZACHARY FAGENSON
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
154 0 0

Кылмышка шектүү делген адам кармалды. Айрым маалыматтар боюнча, ал аскер кызматкери болгондуктан учакка мыйзамдуу негизде курал алып кирген. Окуядан улам аэропорт убактылуу жабылды.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Флориданын Форт-Лодердейл аэропортунда атышуу болуп, жыйынтыгында 5 адам көз жумуп, 37си жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости аймактык шерифтин кеңсесине шилтеме берип маалымдады.

"Бул окуядан алгач беш адам каза болуп, сегиз адам жаракат алган. Кийин жаракат алгандардын саны 37 адамга жетти", — деп жазылат кеңсенин Twitter баракчасындагы маалыматта.

Ок атышуу аэропорттун 2-терминалында болжол менен саат 13:00 дө (00:00 Бишкек убактысы) катталган. Ок аткан адам Эстебан Сантьяго аттуу латынамерикалык жаран болушу ыктымал делип, полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү.

Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам аскер кызматкери болгондуктан учакка мыйзамдуу негизде курал алып кирген. Окуядан улам учурда аэропорт убактылуу жабылды. 

Флорида штатынын губернатору Ричард Скотт аэропортто катталган окуя тууралуу АКШнын президенти Дональд Трампка кабарлап, бирок азыркы президент Барак Обама менен бул тууралуу сүйлөшө электигин билдирген.

"Мен бул окуя боюнча жаңы шайланган президент Дональд Трамп жана вице-президент Майкл Пенсо менен бир нече ирет сүйлөштүм", — деп маалымат жыйында Скотт билдирди.

Ал учурда тергөө иштери жүрүп жатканын айтып, маалыматтар такталгандан кийин коомчулукка жарыялана турганын билдирген.

Тема боюнча

Түрк бийлиги эми террорчунун улуту уйгур экенин айтып чыкты
ТИМ: Измирдеги жардыруудан кыргыз жарандары жабыркаган жок
Белгилер:
аэропорт, кылмыш, ок атуу, АКШ, Флорида

ЭҢ МААНИЛҮҮ