15:19 23 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Ооруканадагы аял. Архивдик сүрөт

Антальяда сабалып комага түшкөн кыргызстандык кыз көзүн ачты

© Sputnik / Виталий Аньков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Антальяда сабалган кыргызстандык кыз (6)
291615

Бүгүн, дүйшөмбү күнү, кыздын туугандарынын Антальяга келиши күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Антальянын “Акдениз” ооруканасында комада жаткан кыргызстандык кыз көзүн ачканын Тышкы иштер министрилиги билдирди. 

Буга чейин социалдык тармактарда ооруканада эс-учун билбей жаткан кыздын сүрөтү тарап кеткен. Жанында эч кандай документи жок экени, абалы оор экени айтылган. ЖМКлардын маалыматы боюнча кыз ур-токмокко кабылган.

ТИМ аталган кыз 21 жашта экенин аныктады. Бүгүн Түркияга жабырлануучунун туугандарынын келиши күтүлүп жатат. Аларды Антальядагы Кыргызстандын башкы консулдугунун кызматкерлери тосуп алмакчы.

Министрлик кызды сабоого шектелип бир киши кармалганын, дагы эки адамдын өздүгү такталып, издөө жүрүп жатканын белгиледи.

Тема:
Антальяда сабалган кыргызстандык кыз (6)

Тема боюнча

Кыргызстандык жаран баштаган 7 киши Стамбулда 9,5 млн. доллар менен кармалды
Түркиянын Мармарисинде сойкулук кылган эки кыргыз кыз кармалды
Белгилер:
ур-токмокко алуу, оорукана, Түркия