Сузак: эки айылдын балдары мушташып, бири каза болду

Жазылуу
Мушташ учурунда Мундуз айылынын тургуну төшүнө бычак жеп, ошол жерде жан берген.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 20-декабрда болгон массалык мушташ учурунда бир адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шейшембиге караган түнү Сузактын Мундуз айылынын 18-20 жаштагы тургундары спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Аларга Honda Fit үлгүсүндөгү унаа менен коңшулаш Ак-Баш айылынын үч тургуну келген. Алар мундуздуктардан 2-3 жашка улуу болгон. Ортодо чыккан пикир келишпестик мушташка айланган.

"Мушташ стадиондо уланган. Кийин айылдын "коноктору" качып кетишкен. Ал эми "жеңүүчүлөр" мушташты улантуу үчүн Ак-Баш айылына жөнөгөн. Анын кесепетинен, Мундуз айылынын 20 жаштагы тургуну төшүнө бычак жеп, ошол жерден жан берген", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Адам өлтүрүүгө шектелип Ак-Баш айылынын 22 жаштагы тургуну кармалды. Сузак райондук ИИБ Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын чоо-жайы тергелип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0