Россияда жердештеринин өлүмүнө себепкер болгон кыргыз жигит соттолду

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЗал судебных заседаний
Зал судебных заседаний - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаадагы эки жүргүнчү — 19 жана 35 жаштагы кыргызстандык жигиттер жеринде жан берген.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Ершовский райондук сотунун чечими менен (Россиянын Саратов облусу) Кыргызстандын жараны Бегалы Зулунов эки жыл беш айга соттолду. Ал жасаган жол кырсыгынын кесепетинен кыргызстандык эки жердеши каза болду деп айыпталып жатат деп жазылат Ершовский райондук прокуратурасынын сайтында.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 13-июль күнү Зулунов Toyota Estima унаасы менен саатына 116 километр ылдамдыкта келе жаткан. Энгельс — Ершов — Озинка жолдорунун 148-чакырымында солго дароо бурула калып, унаа башкаруудан чыгып, тоголонуп кеткен.

"Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаадагы эки жүргүнчү — 19 жана 35 жаштагы кыргызстандык жигиттер жеринде жан берген", — деп жазылат маалыматта.

Ершовский райондук соту тарабынан Зулунов Бегалыга эки жыл беш айга эркинен ажыратуу боюнча жана үч жыл транспорт башкарууга тыюу салынган өкүмү чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0