Ноокендиктерди 8,5 млн. сомго алдап кеткен аял кармалды

Жазылуу
Аял алдоо жолу менен жарандарга 2 миллион долларга чейин 10 жылга пайызы жок насыя берем деп ар биринен 8 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча алган.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ноокен районунун 924 тургунун ири суммадагы насыя алып берем деп жалпы жонунан 8,5 миллион сомго алдап кеткен Уулкан Каримова аттуу аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин маалымат качысы Мыктыбек Турдубеков билдирди. 

Анын айтымында, Ноокен районунун Масы айылынын тургуну Уулкан Каримова 2013-жылдын июнь айында "Бекбол-Эл" коомдук бирикмесин түзүп, ага өзү жетекчи болуп дайындалган. Ошол эле жылдын 15-августунда "Концерн Барс Кейджи Инвест" ассоциациясынын жетекчиси Атарбек Абытов менен өз ара иштешүү жөнүндө келишим түзгөн. 

"Алдоо жолу менен 924 адамга 2 миллион долларга чейин 10 жылга пайызы жок насыя беребиз деп ар биринен 8 миң сомдон 50 миң сомго чейин акча каражаттарын алган. Жалпы 8,5 миллион сом акчаны чогултуп, өз кызыкчылыгына иштетип жиберген", — деди Турдубеков. 

Учурда арыздын негизинде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0