РФке кирүүгө тыюу салынган жаранга башка кишинин маалыматы менен паспорт берилген

© Sputnik / Табылды КадырбековПаспорт Кыргызской Республики. Архивное фото
Паспорт Кыргызской Республики. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жаранга башка бирөөнүн маалыматтарын пайдалануу менен жарандык паспорт жасалган.

БИШКЕК, 24 окт — Sputnik. Ошто Россияга кирүүгө тыюу салынган жаранга мыйзамсыз түрдө паспорт берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Аталган мыйзам бузуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык өкүлчүлүгүндө болгон. 

"Прокуратура кызматкерлери МКК кызматынын Ош шаардык өкүлчүлүгү башка бирөөнүн маалыматтарын пайдалануу менен мыйзамсыз түрдө паспорт бергенин аныктады", — деп жазылат маалыматта. 

Аталган жаранга Россияга кирүүгө тыюу салынган. Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0