Лейлекте жүк ташуучу унаа чек арачылардын вагонун сүзүп каналга кулап кетти

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаанын айдоочусу. Архив
Жүк ташуучу унаанын айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арада жүк ташуучу унаа каналга кулап кеткендиги тууралуу аймактык кабарчы билдирди. 

Кырсык Тажикстандын Гафуров району менен чектешкен аймагындагы "Кулунду оочу калача" чек ара өткөрүү жайында 7-сентябрга караган түнү болгон.

"Унаанын айдоочусу чек ара кызматкерлеринен жолду тактап алуу максатында чек ара өткөрүү жайын көздөй басканда, унаа ордунан жылып кеткен. Аны токтотууга аракет кылган айдоочу өткөрмө жайдын имараты болгон вагонду сүзүп, каналга кулап кеткен", — деп билдирет кабарчы. 

Кырсыктын айынан жабыркаган айдоочу ооруканага жеткирилген.  

Жаңылыктар түрмөгү
0