23:32 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
2016-жылдын 30-январында Москвадагы өнөр жай имараттарынын биринде, 3 миң чарчы чакырым аймагындагы өрт

Россияда кыргыздардын өмүрүн жалмаган өрттөр

© Sputnik / Владимир Астапкович
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Москва: басмаканадагы кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт (82)
25810

Sputnik Россиянын аймагында болуп, адам өмүрүн алган өрт чыккан окуяларды тизмектеп чыкты.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Москванын түндүн-батышында, мекенинен миңдеген чакырым алыс жүргөн кыргызстандыктар күйүп кетти. Россиянын борборундагы басмаканалардын биринде чыккан тилсиз жоо 17 кишинин өмүрүн алды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык 15 киши каза тапкандыгын, ал эми үчөө оор абалда кайра ооруканада жаткандыгын билдирди.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Кыргызстанда туулган кишилер менен жарандар РФте кабылган эң коркунучтуу жана кайгылуу өрттөрдү тизмектеп чыкты.

2012-жылы Москва калаасындагы италия ресторанында үч адам каза тапса, анын экөө Кыргызстан жарандары болгон. Дагы алтоо катуу күйүк алган.

Төрт кыргызстандыктын өмүрүн кайсаган өрт 2014-жылдын 19-сентябрында түнкү саат бирлер ченде болгон. Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринде КРдин төрт жараны каза таап, алтоо ооруканага түшкөн. Алардын арасында катуу жаракат алган кичинекей балдар да болгон.

2016-жылдын 30-январында Москвадагы өнөр жай имараттарынын биринде, 3 миң чарчы чакырым аймакта өрт чыккан. Тилсиз жоо тигүү цехинде иштеген кыргызстандык сегиз кыздын өмүрүн алган. Алардын улуусу 33 жашта болсо, кичүүсү төрткө кадам таштаган наристе эле.

2013-жылдын май айында Иркутск аймагында Кыргызстандын дагы бир жараны көз жумган. Эки киши чырдаша кетип, бири экинчисине бычак урган. Кол салган киши аны менен тынчып калбай, эки наристе бейкапар уктап жаткан берки адамдын үйүн өрттөп жиберген. Өз маалында келип калган куткаруучулар балдарды сактап калышкан, ал эми ичкериден кыйнап өлтүрүлгөн үй ээсинин сөөгүн таап чыккан.


Москва шаарындагы кыргызстандыктар каза тапкан басмаканада чыккан өрттөн тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүз>>

Тема:
Москва: басмаканадагы кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт (82)

Тема боюнча

ТИМ Москвадагы өрттөн жабыркап ооруканага түшкөн кыргыздардын аты-жөнүн билдирди
Кыргыздар өрттөнгөн Москвадагы кырсыктын чыгышына электр лампасы себеп болгон
Шакиров: Москвадагы өрттөн каза болгондордун көбү кыз-келиндер болуп чыкты
Белгилер:
бөбөктөр, бала, куткаруу, кылмыш, Өрт, Россия, Москва
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ