Сирияга аттанган лейлектик жигиттер чет өлкөдөн кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүүлөр Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшүү үчүн өлкөдөн чыгып кетишкен.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Сирияга аттанган эки кыргыз жараны чет өлкөдөн кармалганын УКМК билдирди. 

Үстүбүздөгү жылдын июль айында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында, УКМК Лейлек районунун 24 жаштагы эки жаранын кармаган. Алар Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшүү үчүн аттанып чыгышкан деп шектелүшүүдө. 

Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 375-беренесинин (жалданмачылык) негизинде кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0