Ош жана Нарын облустарында жүргөн сел унаа жолдорду жана эгин талааларын каптады

© Фото / пресс-служба МЧС КРСель в Ак-Талинский районе Нарынской области
Сель в Ак-Талинский районе Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сел турак-жайларды жана эгин талааларын каптаган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ош жана Нарын облустарында катуу жааган жаандан улам сел жүргөндүгүн ӨКМ билдирди. 

Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нөшөрлөп жааган жамгыр айрым аймактардагы эгин аянттарын жууп кетти
Маалыматка ылайык, 27-июль күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 3 турак-жайдын коросун каптаган. Мындан сырткары Кызыл-Эшме айылынын ички каттамдагы жолдорун сел жууп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын жардамы менен жолдор калыбына келтирилген. 

Ал эми 28-июль күнү катуу жааган жаандан улам Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылында дагы "Туура" каналы ташкындап, эгин талааларын каптаган. Аталган канал атайын техниканын жардамы менен тазаланып, чыгымдар такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0