Кочкордун Сары-Булак айылында сел асма көпүрөнү алып кетти

© пресс-служба МЧС КРКочкордун Сары-Булак айылында сел асма көпүрөнү алып кетти
Кочкордун Сары-Булак айылында сел асма көпүрөнү алып кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов окуя болгон жерге барып, кырсыктын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагында Кара-Кужур суусундагы асма көпүрөнү суу алып кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун деңгээлинин көтөрүлүүсүнөн улам турак-жайларга коркунуч келүүдө. 

Кочкор районунун Көк-Жар айылында Жоон-Арык суусу дамбаны бузуп кетти - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо Жоон-Арык суусу дамбанын үч метр жерин бузуп кетти
Аталган аймакта жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн бир жүктөгүч техника тартылып, иштеп жатат. 

Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов барып, кырсыктын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жаандан улам Кочкордо Жоон-Арык суусу дамбанын үч метр жерин бузуп кеткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0