Талас менен Кызыл-Кыяда жер титиреди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ алдын ала алынган маалыматтарда кыйроолор жана курмандыктар жок экендигин кабарлады.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталып, анын ичинен Талас облусунун аймагында төрт, ал эми түштүк аймакта, тагыраагы Кызыл-Кыя шаарында 2-3 баллдык болуп сезилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Кечээ Талас облусунун Баласары, Покровка аймагында 4 балл, Аралда 3,5 балл, Бакай-Атада 3 баллга чукул, ал эми Талас шаарында 2-3 баллга жеткен. 

Ал эми Баткенге караган Кызыл-Кыя шаарынын аймагында 2-3, Алга, Кыргыз-Кыштак айылдарында 3 баллдык жер титирөө байкалган. 

ӨКМ алдын ала алынган маалыматтарда кыйроолор жана курмандыктар жок экендигин кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0