Таласта маңзат сатууга шектелип жыйырманын кырын ашкан төрт тургун кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Таласта маңзат сатууга шектелип төрт тургун кармалды. Бул тууралуу маңзатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шамалдуу-Сайдан бел боосуна 1,5 кг. маңзат катып келе жаткан жаран кармалды
Маалыматка ылайык, 31-майда Талас облусундагы "Алтын-Казык" соода борборунун жанынан маңзаттарды сатууга катыштыгы бар деп шектелген Volkswagen Golf үлгүсүндөгү машина токтотулган. Анын ичинде 20 жаштагы эки бала, 19 жана 

21 жаштагы балдар болгон.

Машинаны тинтүү учурунда анын ичинде 8 килограмм кара куурай алынган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0