19:45 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
1501

Сурак маалында ал баңгизатты казакстандык өнөктөшүнө берүү үчүн алып жүргөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Таластын Манас районундагы Май айылынан 1,4 килограмм марихуана алып жүргөн кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Баңгизат алып жүргөн жарандын айтымында, ал жанындагы марихуананы казак өнөктөшүнө берүү үчүн аны чек ара аймагынан күтүп жаткан. Текшере келгенде анын өздүгүн ырастоочу документтердин жок экени аныкталган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Мамлекеттик баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Тема боюнча

Көлдө 13 кг. марихуананы күрмөсүнүн ичине катып жүргөн жаран кармалды
Белгилер:
марихуана, документ, баңгизат

ЭҢ МААНИЛҮҮ