Алтын сөйкө, телефон үчүн өспүрүмдүн өмүрүн кыйган кылмышкердин иши сотко өттү

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүСот отуруму. Архив
Сот отуруму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү делген киши мурда 11 ирет ар түрдүү кылмыштарды жасагандыгы үчүн алты жолу соттолгон.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кара-Көл шаарында 6-класстын окуучусун 25-сентябрда муунтуп өлтүргөн 35 жаштагы кишиге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Кара-Көл шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлдү. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Мыктыбек Турдубеков кабарлады.

"Кылмыш иштин тергөөсүнүн жыйынтыгы менен айыпкердин күнөөсү соттук экспертизалардын корутундулары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, далил буюмдардын негизинде толугу менен далилденди. Айыпкерге адам өлтүрүү, зордуктоо жана каракчылык беренелери боюнча кылмыштар менен айыбы угузулуп, кылмыш иши Кара-Көл шаардык сотунун кароосуна жиберилди", — деп билдирди Турдубеков.

Таш-Көмүрдө 11 жашар кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин өкмөт көзөмөлдөйт
Премьер-министр Темир Сариев ал кездеги вице-премьер Абдырахман Маматалиевге кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин жеке көзөмөлгө алууну тапшырган. 

Кылмышкер кызды өлтүргөндөн кийин, алтын сөйкөсүн жана телефонун алып, болгону 1000 сомго күрөөгө койгон. 

2015-жылдын 26-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш аракеттерден кийин кылмышка шектүү катарында, мурда 11 жолу ар түрдүү кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон, Токтогул районунун 35 жаштагы тургуну кармалган. Ал Кара-Көл ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0