БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бардык гидроэлектрстанциялар жана жылуулук станциялары кадимки калыбында иштеп жатканын "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө ишканалардын иштөөсүнө эч кандай тоскоолдук жараткан жок.
Түшкү саат 3.12де Бишкек шаарында 4 баллга жеткен жердин силкинүүсү катталды.
Европалык сейсмология ассоциациясынын интернет баракчасындагы маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Афганистандын тоолуу Гиндикуш аймагында орун алып, анын күчү 7,7 баллды түзгөн.
"Электр станциялары" акционердик коомуна Ат-Башы, Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Үч коргон ГЭСтери Камбар-Ата – 2 ГЭСи жана Бишкек, Ош шаарындагы ТЭЦтер карайт.
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот бул жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрүңүздөр>>