Жергиликтүү жашоочу: "Ала-Тоодо" тартип коргоо кызматкерлери жүрөт

Жазылуу
Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан жергиликтүү жашоочулардан түшкөн телефон чалуудан улам, милиция кызматкерлери "Ала-Тоого" чыгып кеткендигин билдирди.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Аламүдүн районундагы "Ала-Тоо" айылында тартип коргоо кызматкерлери жүрөт деп Sputnik агенттигине жергиликтүү кеңештин өкүлү билдирди.

Анын айтымында, атышуу мындан бир жарым саат убакыт мурда болгон. Алынган маалыматтарга караганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери иштеп жатат.

"Атышуунун үнү чыкты, бирок катуу болгону байкалган жок. Биз жакын бара алган жокпуз. Окуя Кондучалова атындагы көчөдө болду. Ал үйдө бир нече жыл мурда башка жактан көчүп келгендер жашачу", — деп билдирди ал.

Ал жерден жоолук оронгон аял кишилерди көрүп калчубуз деп кошумчалады булак.

Ал эми Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан жергиликтүү жашоочулардан түшкөн телефон чалуудан улам, милиция кызматкерлери "Ала-Тоого" чыгып кеткендигин, маалымат такталып жаткандыгын билдиришти.

УКМКдан бул боюнча маалымат такталып жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0