22:49 29 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8490
  • RUB1.1195
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Ажылык – 2015 (42)
135321

Каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылардын бар жогун муфтият тактап жатат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Меккеге жакын Мина шаарында кеминде эле 300дөн ашык зыяратчы тепсендиде калып каза болгонун Сауд Аравиянын жарандык коопсуздук кызматы билдирди.

Каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылардын бар жогун учурда муфтият тактап жатат.

"Азыр ушул маалыматтарды тактап жатабыз. Биздин зыяратчылар Мина өрөөнүндөгү Арафат тоосуна чыгып кеткен. Ал жакта байланыш начар. Кабар аларыбыз менен кошумча маалыматтар берилет", — деди мутияттын маалымат кызматы.

Жаракат алгандардын саны 400 кишиден ашканы кабарланууда. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатканын чет элдик басылмалар билдирүүдө.

12-сентябрда Аль-Харам мечитинде курулушта иштеп жаткан кран кулап 100дөй киши каза болгон.

Сауд Аравиясында зыярат учурунда тепсендиде калган учурлар буга чейин да катталган. 1990-жылы тепсендиде калып 1400 киши каза болгон.

Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга ажылык сапарга 3685 квота бөлгөн. Кийин кошумча дагы 500 орун бөлүнгөн. Ажыдан мусулмандар 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин кайтып келишет. Ал эми ажылык сапардын баасы 2550 долларды түзгөн.

Тема:
Ажылык – 2015 (42)

Тема боюнча

Ажыга кеткен 71 жаштагы кыргызстандык зыяратчы каза болду
Кыргызстандык зыяратчылар Минада ажылык милдеттерди аткарышат
Белгилер:
ажылык сапар, Муфтият, Сауд Аравиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ