Бишкек – Ош каттамы боюнча жүргүнчү ташыган таксисттерге кол салган топ кармалды

Жазылуу
Каракчыларды кармоо үчүн Бишкек шаары менен Чүй облусунда "Перехват" планы жарыяланган. Анын натыйжасында "Манас" аэропортуна жол алган "Хонда-Степвагон" унаасы токтотулуп, текшерүү учурунда ичиндеги жарандар буга чейинки бир нече ирет соттолгондугу аныкталган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкекте жүргүнчү ташыган такси айдоочуларына кол салган топ кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек – Ош каттамы боюнча жүргүнчү ташыган айдоочуга түнкү саат 10до төрт жаран келип 14 адам чогуусу менен Ошко бара турганын айтышкан. Таксист өзүнүн айдоочу таанышын чакырат. 

"Хонда-Степвагон" жана "Хонда Одиссей" унааларына отурган жигиттер Ден Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде арткы орунда отурганы айдоочуну муунтуп, экинчиси бычак такаган. Андан кийин айдоочуну ур-токмокко алып, таңган боюнча багажникке салып салышкан. Кийинки унаанын айдоочусу да ушундай окуяга туш болгон. Май куйганы токтогондо "Хонда-Степвагон" унаасынын айдоочусу качып чыгып, милицияга кабар берүүгө жетишкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Каракчыларды кармоо үчүн Бишкек шаары менен Чүй облусунда "Перехват" планы жарыяланган. Анын натыйжасында "Манас" аэропортуна жол алган "Хонда-Степвагон" унаасы токтотулуп, текшерүү учурунда ичиндеги жарандар буга чейинки бир нече ирет соттолгондугу аныкталган.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0