ӨКМ:Чычканда 30 гектар токой күйүп жатат

Жазылуу
Өрт кечээтен бери өчүрүлүүдө.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Чычкандагы токой массивинде бак-дарактар күйүп жатат деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Бишкек шаарындагы соода борборунда өрт чыкты. Окуя болгон жерден тартылган тасма
Өрт 13-августта болжол менен саат төрттөрдө башталып, карагай, кайың, арча жана куураган чөп күйүп жатат.

Өрттү өчүрүүгө бейшемби күнү куткаруучулар, токой кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар,болуп  40ка жакын киши тартылган. Күн кечтеп кеткендиктен, өчүрүү иштери токтотулганын ӨКМ билдирди.

14-августта таңкы саат алтыда аталган аймакка 17 киши жөнөтүлдү. Учурда тилсиз жоону өчүрүү иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0