Аламүдүн районундагы жер алдамчылыгы боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

CC0 / Joe Gratz / Courtroom One GavelСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча Төмөнкү-Ала-Арча айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси айыпталууда.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Аламүдүн районундагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберүү факты боюнча кылмыш иши сотко жиберилгенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Чүйдө жер алдамчылыгы боюнча 72 кылмыш иши козголду
22-майда Чүй облустук прокуратурасы тарабынан шаардык көрүстөндүн маңдайындагы 0,24 гектар жерди мыйзамсыз сатуу факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча Төмөнкү-Ала-Арча айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси айыпталууда.

Аламүдүн райондук соту кылмыш ишин кароону баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0