13:54 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Фонтан в 20 метров образовался из-за прорыва трубы на Ахунбаева

"Бишкек жылуулук тармагы": ысык суу берер алдында түтүктөрдү текшерип жатканбыз

Акылбек Батырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги суу түтүгүнүн жарылышы (7)
82 0 0

Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн аймагындагы суу түтүгү жарылып, агымынын бийиктиги алты кабаттуу үйгө жетти.

БИШКЕК, 8 июнь— Sputnik. Учурда коммуникацияларды текшерүү жүрүп жатат. Ысык суу берер алдында түтүктө тешик бар экени аныкталган, дейт Sputnik агенттигине "Бишкекжылуулуктармагы" ААК техникалык директору Михаил Курганов.

Суу түтүгү Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жарылган. Агымдын бийиктиги алты кабаттуу үйгө жетүүдө. Суу менен жарылган жерден таштар ыргууда деп билдирген окуяга күбө болгон жаран Кылыч Куталиев.

Кургановдун айтымында, шаардыктардын үйүнө ысык суу берер алдында алдын ала текшерүү иштери жүрөт.

"Учурда өтө чоң тешик аныкталды. Тиешелүү кызматтар кырсыктын кесепетин жоюуга аракет көрүшөт", — деди Курганов.

Ысык суу Бишкекте 12-июнда берилет.

Тема:
Бишкектеги суу түтүгүнүн жарылышы (7)

Тема боюнча

Бишкекте суу түтүгү жарылып, 20 метрлик фонтан пайда болду
Бак-дарактарды сугарууда көйгөй жаралбайт дейт Бишкектин мэри
Белгилер:
суу түтүгү, жарылуу, Михаил Курганов, "Бишкекжылуулук тармагы"

ЭҢ МААНИЛҮҮ