Министрдин орун басары Чакиев 26-июлга чейин камакка алынды

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги жума күнү маданият министринин орун басары, туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев 92 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалганын билдирген.

БИШКЕК, 1 июнь — Sputnik. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, туризм департаментинин директору Максат Чакиев эки айлык мөөнөт менен камакка алынганын соттун канцеляриясы билдирди. 

Жума күнү Ички иштер министрлиги Чакиевдин Бешинчи башкармалыктын кызматкерлерине "иштин оң жагына чечилиши үчүн жана кийинки текшерүүлөрдү токтотуу максатында" 92 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаганын маалымдаган. Чиновник экинчи ирет пара сунуштагандан кийин кармалган.

Тийиштүү токтомду Биринчи Май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов чыгарды.

"Соттун чечими менен Чакиев 1-СИЗОго 26-июлга чейин камакка алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр Максутов орун басары Чакиевдин кармалышы боюнча: мен бушайман болуп турам
Чакиевдин жактоочулары аны үй камагына чыгарууну талап кылышып, беш күн аралыгында Бишкек шаардык сотко доо арыз менен кайрылууну пландаштырып жатышат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Чакиев 2014-жылы чет элдик жарандын ишенимине кирип, туризм жаатында кызматташуу шылтоосу менен Маданият министрлигинин алдындагы туризм департаментинин туризм боюнча кеңешине мүчөлүгүн аныктаган жасалма тастыктама берген. Бул үчүн чет элдик жаран Чакиевди акчалай ыраазы кылмакчы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0