УКМКнын кызматкерине пара берген жетекчи күнөөлүү деп табылды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКишен. Архивное фото
Кишен. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерине 50 миң сом пара берген.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мамлекеттик селекциялык асыл тукум борборунун директору Баялин Байтемиров пара бергендиги үчүн соттолгонун Биринчи Май райондук соту билдирди.

Наручники - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Маалыматка ылайык, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерине өзүнө козголгон кылмыш ишин токтотуу боюнча 50 миң пара берген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы өткөн жылдын сентябрь айында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мамлекеттик селекциялык асыл тукум борборунун директорунун иштеген жылдарына кошумча акы катары эмгек акысына 40 пайыз кошулган айлык алып жүргөн фактысы аныкталган. Бул борбордун башкы эсепчиси тиешелүү документтери жок эле жетекчиси Байтемировдун айлыгына мыйзамсыз ашыкча 40 пайыз кошуп эсептеп келгендиги тастыкталган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Байтемировго Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (Пара берүү) боюнча күнөөлүү деп таап, мамлекеттин эсебине 500 миң сом төлөп берүү чечимин кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0