14:10 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Лифт в ЦУМе

"Айчүрөк" соода борборунда эки кишинин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
8120

"Айчүрөк" соода борборундагы лифттин шахтасындагы эки техникалык кызматкердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталганын Бишкек ШИИББ билдирди.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын борборундагы ири соода дүкөнүндө катталган адам өлүмү фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

"Каза болгондордун лифттерди тейлеген "Байсал Курулуш" компаниясында иштегени айтылууда. Бул ишке тийиштиги барлардын баары суракка алынат", — деди Казабаев.

Жума күнү эртең менен "Айчүрөк" соода борборундо лифт оңдоп жаткан эки киши аркан үзүлүп кетип, шахтанын 6-кабаттынан кулап түшкөн. Алар 35 жана 36 жаштагы жарандар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык болгон жерге келген дарыгерлер шахтанын 6-кабатынна кулап түшкөн эки жаран ошол жерде каза болгонун аныкташкан.

  • Сотрудники службы безопасности в ЦУМе
    "Айчүрөк" соода борбору
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • ЦУМ Айчурек
    "Айчүрөк" соода борбору
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Айчүрөк соода борборундагы лифт
    "Айчүрөк" соода борборундагы лифт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Лифт в ЦУМе
    "Айчүрөк" соода борборундагы лифт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Айчүрөк" соода борбору

Тема боюнча

"Айчүрөк" дүкөнү кырсыктан соң штаттык режимде иштеп жатат
"Айчүрөк" дүкөнүндө каза болгондор техникалык кызматкерлер экени айтылууда
"Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндөгү лифт шахтасына кулаган эки киши каза болду
Белгилер:
кылмыш иши, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы, Айчүрөк соода борбору

ЭҢ МААНИЛҮҮ