00:12 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Лифт в ЦУМе

ӨКМ "Айчүрөктө" каза болгондордун аты-жөнүн тактады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
17420

Соода борбордун лифтин оңдоп жаткан жарандар 6-кабаттан кулап кеткен адамдардын аты-жөнү белгилүү болду.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, каза тапкандар — 35 жаштагы Кылыч Эстебесов менен 36 жаштагы Алтынбек Алиев. 

Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, аты аталган эки жумушчу соода борбордун лифтинде оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда, лифт шахтасынын 6-кабатынан кулап түшкөн.

1979-жылы туулган Кубаныч Эстебесов Ысык-Көл облусунун Түп районунун, ал эми 1980-жылы туулган Алтынбек Алиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну экени аныкталган.

Кырсык болгон жерге келген "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери эки киши тең ошол жерден каза болгонун аныкташкан. "Тез жардам" медициналык кызматына билдирүү эртең мененки саат 9:52де келип түшкөн.

Тема боюнча

"Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндөгү лифт шахтасына кулаган эки киши каза болду
"Айчүрөк" дүкөнүндө каза болгондор техникалык кызматкерлер экени айтылууда
Белгилер:
лифт, тез жардам, Айчүрөк соода борбору, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ