Фергюсондогу башаламандыктардан кийин кеминде үч өрт чыкты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАрхив: окко учкан Майкл Браунду Москвадагы эскерилиши
Архив: окко учкан Майкл Браунду Москвадагы эскерилиши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СNN телеканалы соода борбордун кампасынан жана башка аймактан дагы эки өрт чыккандыгын көрсөтүп жатат. Жабырлангандар туурасында азырынча маалымат жок.

БИШКЕК, 25 ноя — Sputnik. Фергюсондогу башаламандыктардан кийин кеминде ири үч өрт чыкты, деп билдирди СNN телеканалына шилтеме кылган РИА Новости.

Дүйшөмбүдө соттун кара терилүү өспүрүмгө ок чыгарган полиция кызматкерин жоопкерчиликке тартпоо туурасындагы чечиминен кийин шаарда нааразычылык чыгып, башаламандык башталган. 

Телеканал соода борборунун кампасынан жана башка аймактан дагы эки өрт чыккандыгын ири план менен көрсөттү. Жабырлангандар туурасында азырынча маалымат жок. Окуя болгон жерде жүргөн полиция азыр эч нерсеге аралашпай турат. Өрт өчүрүүчүлөр имараттын бир топ бөлүгү күйүп бүтүп калгандан кийин өрттү өчүрүүгө киришти. 

Башаламандыкты уюштургандар дүкөндүн текчелерин сындырып, талап-тоноп, полиция кызматкерлерине таш менен бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Ага жооп кылган полиция кызматкерлери көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0