Улуттук банк 55 млн. доллар сатып, дагы бир ири интервенция жасады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Бул быйылкы жылдагы эң ири сатуулардын бири болду. Улуттук банктын тарыхында мындай интервенциялар чанда жасалары айтылат.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жума күнү, 5-ноябрда, Улуттук банк валюта рыногунда 55,4 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.
Бул быйылкы жылдагы эң көлөмдүү сатуулардын бири болду. Улуттук банктын тарыхында мындай интервенциялар чанда жасалары айтылат.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Өкмөт "Бишкек" эл аралык финансы борборун түзгөнү жатат. Максаты
Буга чейин бейшемби күнү, 28-октябрда, Улуттук банк валюта рыногунда 50 миллион доллар саткан.
Эң көлөмдүүсү, 62 миллион 250 миң доллар сатылган интервенция ушул жылдын апрель айынын аягында болгон.
  Улуттук банк быйыл баш-аягы болуп 11 жолу интервенция кылып, 446 миллион 750 миң доллар сатылган.
Valuta.kg порталындагы маалыматтарга ылайык, акыркы эки күндө доллардын курсу сатыкта өзгөрүүсүз калды. Ал эми сатып алуу бүгүн, 6-ноябрда, жумага салыштырмалуу сегиз тыйынга көтөрүлдү.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0