10:36 09 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7992
  • EUR95.6874
  • RUB1.1483
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
80410

Кечээ Мумбайда Doing business in Kyrgyzstan аталышында бизнес-форум өтүп, бизнес-делегациянын сапарын уюштуруу макулдашылган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Ноябрь айында Кыргызстанга Мумбай шаарынан бизнес-делегация келери пландалууда. Бул тууралуу Индиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Кечээ,1-октябрда, Мумбайда Doing business in Kyrgyzstan аталышында бизнес-форум өткөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кийинки айда өлкөгө индиялык ишкерлердин сапарын уюштуруу макулдашылган.

Элчилик аталган сапар текстиль өнөр жайы, баалуу кендерди казуу, электр энергиянын альтернативалык түрлөрүн колдонуу, баалуу таштардын жана алтындын экспорт/импорту тармагында кызматташтыкты жолго салуу үчүн керектигин белгиледи.

Тема боюнча

Бишкектеги кыргыз-түрк форумуна 300дөн ашуун компания катышты
Белгилер:
бизнес-форум, ишкер, делегация, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ