Кыргызстанда бажы салыгы эки эсеге көбөйдүбү? Расмий жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековПробки из грузовых машин на кыргызско-казахской границе
Пробки из грузовых машин на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Кыргызстан Түркия, Кытай жана Өзбекстандын Бажы кызматтары менен биргеликте товар жана транспорт тууралуу электрондук маалымат алмашуу механизмин иштеп чыгып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстанда бажы пошлинасы жана салык коюму өзгөргөн жок. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.

Өсүмдүк майы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Россия суу май экспорттоодо эркин пошлина киргизет. Кыргызстанга таасири
Жакында эле Бишкекте "Дордой" базарынын соодагерлеринин митинги өткөн. Анда алар Кыргызстанда коомчулукка эч кандай маалымат берилбестен бажы пошлинасы эки эсе кымбаттаганын айтып чыгышкан.

Мекеме бажы акысы — бул бажы төлөмүн эсептөө базасы экенин айтып, ташып келүү пошлинасынын коюму товарларды туура классификациялоодон көз каранды экенин белгилеген.

Бажы кызматы айрым ишкерлер бажы декларациясына товар боюнча туура эмес маалымат көрсөтүп коюп жатканын кошумчалады.

"Маселен, ташып келүү пошлинасынын коюму жогору болгон "кийим, бут кийим" деген товардын ордуна коюму төмөн товарлар чыгып калууда. Башкача айтканда, жүк ташуучу фирмалар соодагерлерге кагазга жазылган эмес, башка товарды жеткирип берүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Кыргызстан Түркия, Кытай жана Өзбекстандын Бажы кызматтары менен биргеликте товар жана транспорт тууралуу электрондук маалымат алмашуу механизмин иштеп чыгып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0