01:31 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБдеги Кыргызстан (303)
225 0 0

Экономикалык секторлорду, товарларды, кызматтарды, капиталды жана жумушчу күчүн санариптик трансформациялоонун ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн атайын топ иштейт.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Чолпон-Атадагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында санариптик трансформация маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топ түзүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Sputnik агенттигинин видео көпүрөсүндө ЕЭКтин расмий өкүлү Ия Малкина билдирди.

Анын айтымында, жумушчу топ түзүүнүн негизги максаты — союздагы маалыматтардын айлануусу жөнүндөгү келишимди иштеп чыгуу.

Мындан тышкары, аталган жумушчу топко экономикалык сектордогу санариптик трансформацияны, товарларды, тейлөө кызматтарын, капитал жана жумушчу күчтөрүн, муну менен катар ЕАЭБдин аймагында санариптик инфраструктураны өнүктүрүү ыкмаларын иштеп чыгуу милдети жүктөлөт.

Жумушчу топту ЕЭКтин Ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык коммуникациялык технология боюнча министри Гегам Варданян жетектемей болду. Ага ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык секторлорун санариптик трансформациялоо боюнча программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери жана орун басарлары кирет.

Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун алдына бирикмеге кирген өлкөлөрдүн кызыкдар органдарынын жана бизнес-уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик топ түзүү каралууда. Жумушчу топтун талкуусуна коюлган биринчи маселе ЕАЭБдин чегинде маалымат жүгүртүүнүн жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө келишимдин долбоору болмокчу.

Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (303)

Тема боюнча

Чолпон-Атада ЕАЭБ премьерлеринин жыйыны кандай өттү. 14 сүрөт
Мишустин: ЕАЭБ менен кызматташууга эл аралык коомчулуктун кызыгуусу артууда
ЕАЭБ өлкөлөрү мунай жана мунайзаттын бирдиктүү рыногун түзүүгө макулдашты
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан, жумушчу, топ, ЕЭК, экономика, Чолпон-Ата

ЭҢ МААНИЛҮҮ