Кыргызстанда баалуу металлдардан зер буюм жасаган ишкана ачылды. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Кыргызалтын Ювелирпром" биргелешкен ишканасынын продукциясы
Кыргызалтын Ювелирпром биргелешкен ишканасынын продукциясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Жаңы ишкана зергерчилик өндүрүштү калыбына келтирүү, зергерчилик заводдорду жана сатуу түйүндөрүн реконструкциялоо, ошондой эле бизнести өнүктүрүү максатында ачылган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Кыргызалтын Ювелирпром" биргелешкен ишканасы ачылды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время посещения предприятия "Кыргызалтын ювелирпром", созданного на базе Кыргызского ювелирного завода "Алтын" в рамках механизма государственно-частного партнерства. Жапаров отметил важность наращивания объемов золотодобывающей промышленности страны и извлечения максимальной прибыли от ее деятельности.
Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Кыргызалтын Ювелирпром биргелешкен ишканасы ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/5
Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Кыргызалтын Ювелирпром" биргелешкен ишканасы ачылды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИзготовление ювелирных изделий в предприятии "Кыргызский ювелирный завод Алтын", на базе которого создано новое предприятие "Кыргызалтын Ювелирпром"
Ал Кыргыз алтын ААК, Алтын кыргыз зергерчилик заводу ишканасынын базасында түзүлгөн - Sputnik Кыргызстан
2/5
Ал "Кыргыз алтын" ААК, "Алтын" кыргыз зергерчилик заводу" ишканасынын базасында түзүлгөн
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Садыр Жапаров посетил предприятие "Кыргызский ювелирный завод Алтын", на базе которого создано новое предприятие "Кыргызалтын Ювелирпром"
Бүгүн, 26-июлда, президент Садыр Жапаров аталган жайга барган - Sputnik Кыргызстан
3/5
Бүгүн, 26-июлда, президент Садыр Жапаров аталган жайга барган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЮвелирные изделия в предприятии "Кыргызский ювелирный завод Алтын", на базе которого создано новое предприятие "Кыргызалтын Ювелирпром"
Мамлекет башчы технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш жайларын, ошондой эле чынжыр токуу, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыккан - Sputnik Кыргызстан
4/5
Мамлекет башчы технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш жайларын, ошондой эле чынжыр токуу, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыккан
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Садыр Жапаров посетил предприятие "Кыргызский ювелирный завод Алтын", на базе которого создано новое предприятие "Кыргызалтын Ювелирпром"
Соңунда Жапаров баалуу металлдардын өлкө ичинде иштетилиши мамлекеттин экономикалык саясатындагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналарын баса белгилеген. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Соңунда Жапаров баалуу металлдардын өлкө ичинде иштетилиши мамлекеттин экономикалык саясатындагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналарын баса белгилеген.
1/5
Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында "Кыргызалтын Ювелирпром" биргелешкен ишканасы ачылды
2/5
Ал "Кыргыз алтын" ААК, "Алтын" кыргыз зергерчилик заводу" ишканасынын базасында түзүлгөн
3/5
Бүгүн, 26-июлда, президент Садыр Жапаров аталган жайга барган
4/5
Мамлекет башчы технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш жайларын, ошондой эле чынжыр токуу, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыккан
5/5
Соңунда Жапаров баалуу металлдардын өлкө ичинде иштетилиши мамлекеттин экономикалык саясатындагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналарын баса белгилеген.

Ал "Кыргыз алтын" ААКсы, "Алтын" кыргыз зергерчилик заводу" ишканасынын базасында түзүлгөн. Бүгүн, 26-июлда, президент Садыр Жапаров аталган жайга барган.

Мамлекет башчы технологиялык процесс менен таанышып, өндүрүш жайларын, ошондой эле чынжыр токуу, механикалык куюучу жабдуулар менен зер буюмдардын моделдерин прототиптештирүү боюнча роботтоштурулган принтерди көрүп чыккан.

"Жаңы ишкана ата мекендик зергерчилик өндүрүштү калыбына келтирүү, зергерчилик заводдорду жана сатуу түйүндөрүн реконструкциялоо, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ачылган. Мындан тышкары, долбоор өлкө ичинде, чет өлкөлөргө ата мекендик өндүрүштүн зер буюмдарын сатуу боюнча дүң жана чекене тармакты жаңылоого багытталган. Баалуу металлдар зер буюм түрүндө сатылса негизги салыктардын эсебинен бюджеттин кирешеси кыйла көбөйөт", — деп айтылат маалыматта.

Соңунда Жапаров баалуу металлдардын өлкө ичинде иштетилиши мамлекеттин экономикалык саясатындагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналарын баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0