08:18 19 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
59 0 0

Гранттык каражатка 82 миң электрондук эсептегичтер, приборлор жана узундугу 700 чакырым электр тогун өткөрүүчү зым сатып алуу пландалган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Чыгыш электр" жана "Ош электр" компаниялары үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан 11 миллион евро алынат.

Аталган каражаттын 8 миллион евросу кредит, 3 миллиону гранттык негизде берилет. Бул боюнча келишим 2017-2018-жылдары түзүлүп ратификациядан өткөн. Бүгүн Жогорку Кеңешке аталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизип, гранттык акчаны акыркы керектөөчүгө чейин акысыз негизде берүү сунушталды.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкы директору Асхат Бердиев бул грантка 82 миң электрондук эсептегич, прибор жана узундугу 700 чакырым электр тогун өткөрүүчү зым сатып алуу пландалганын билдирди.

"Бул эсептегичтер жөнөкөй калкка бекер, коммерциялык тармактарга акы төлөтүп орнотулат. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын талабы менен азыр гранттык макулдашууга өзгөртүү киргизип жатабыз. Негизинен "Ош электрге" 4 миллион кредит, 1 миллион евро грант, "Чыгыш электрге" 4 миллион кредит, 2 миллион евро грант берилет. Аталган кредиттерди Экономика жана финансы министрлиги 1 пайыздык коюм менен алып, энергетикалык компанияларга 1,25 пайыз менен рекредитациялайт. Ал эми гранттык каражат акыркы керектөөчүгө чейин акысыз жеткирилет", — деди Бердиев.

Ал эми Улуттук энергохолдингдин Корпоративдик иш алып баруу жана укуктук камсыздоо департаментинин директору Тилек Айталиев энергетика тармагына алынган жалпы кредиттердин суммасы азыркы валюта курсу менен 130 миллиард сомго жеткенин билдирди.

Атап айтканда, "Электр станциялары" 58 миллиард, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы 66 миллиард сом карыз. Айталиев каражаттын басымдуу бөлүгү ушул эки компанияга берилгенин белгиледи.

Тема боюнча

Салык төлөбөгөн ишкерлерге жеңилдик берүү мөөнөтүн узартуу сунушталды
Жаңы тариф боюнча электр кубаты менен жылуулуктун төлөмү канчага көбөйөт
Электр кубаты менен үй жылытууга кайсы учурда тыюу салынат. Жооп
Белгилер:
Кыргызстандын Улуттук электр тармагы, кредит, грант, Европа, реконструкция

ЭҢ МААНИЛҮҮ