1-июлдан тарта кумшекер, май, мал ташыгандардан кошумча нарк салыгы алынбайт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКойлор жүк ташуучу автоунаада. Архив
Койлор жүк ташуучу автоунаада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Жазылуу
Мындай чечим азык-түлүккө болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. 1-июлдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы алынбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Мындай чечим азык-түлүккө болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.
Нөл пайыздык коюм төмөнкү товарларга белгиленет:
  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин – ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майына;
  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин ташылып келинген малга (жылкы, бодо мал, чочко, кой, үй канаттуулары).
Жаңылыктар түрмөгү
0