Доллар арзандап, алтындын баасы көтөрүлдү. Күйүүчү май канчадан сатылууда

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куйуучу жай. Архив
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Чет элдик валюталар бир аз баасын өзгөртүп, алтын кымбаттады. Ал эми күйүүчү май ошол эле баа менен сатылууда.
Дүйшөмбү күнү эртең менен коюлган бааларга салыштырмалуу акча алмаштыруу жайларында АКШ акчасы арзандап, сатып алуу 12 тыйынга (83,8 — 83,9 сом), сатуу 13 тыйынга (84,1 — 84,3 сом) төмөндөдү. Евро сатып алуу 3 тыйынга төмөндөп, бирок сатуу 4 тыйынга өстү. Рубль менен тенгенин баасында билинер-билинбес гана өзгөрүү болду.
Күйүүчү майдын баасы ошол боюнча.
"Роснефть":
  • АИ-92 — 49 сом;
  • АИ-95 — 51 сом;
  • Дизель майы — 45,2 сом.
"Газпром нефть Азия":
  • АИ-92 — 49,2 сом;
  • АИ-95 — 51,2 сом;
  • Дизель майы — 45,2 сом.
Ал эми алтындын баасы бир топ жогорулап, бир граммы 23,5 сомго кымбатыраак сатыла баштады. Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгарган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин.
Жаңылыктар түрмөгү
0