04:47 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
111 0 0

Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 17, ал эми кумшекер менен 56 пайыз гана камсыздай алат. Өлкөдө бул товарлардын кымбатташына өндүрүүчү өлкөлөрдө баалардын көтөрүлүшү себеп болуп жатканы айтылган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстан өсүмдүк майы менен кумшекердин негизги бөлүгүн Россия менен Казакстандан алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.

Ушул жылдын январь айында Кыргызстан төмөнкү өлкөлөрдөн 2 179,2 тонна өсүмдүк майын алган:

  • Россия — 1 800 тоннадан ашык;
  • Казакстан — 375;
  • БАЭ — 0,4.

Ал эми өткөн жылдын биринчи айында 3,9 миң тоннадан ашык май сатып алынган.

2021-жылдын январында өлкөгө 1 506,7 тонна кумшекер импорттолгон:

  • Россия — 1 421,7 тонна;
  • Казакстан — 81,9;
  • Иран — 3,1.

Узаган жылы ушул эле маалда 2 642 тонна кумшекер сатып алынган.

Эске сала кетсек, Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17, ал эми кумшекер менен 56 пайыз гана камсыздай алат. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги бул азыктар ташылып келинген мамлекеттерде кымбаттаганы үчүн ички рынокто баасы өсүп жатканын айткан.

Тема боюнча

Апрелде Матрезерв 5 миң тонна шекер, 500 тонна май сатып алат
Индия Оштон бал, курут өңдүү табигый азыктарды экспорттоого кызыкдар
Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай берет. Көрсөтүлчү жардамдын тизмеси
Белгилер:
сатуу, импорт, май, Кумшекер, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ