Өкмөт Жер-Үй кени жакын арада ишке кирерин маалымдады

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусундагы Жер-Үй кени. Архив
Талас облусундагы Жер-Үй кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков "Алтын Альянс" компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, инвестор, өкмөт жана жергиликтүү тургундардын ортосундагы талаш маселелер жөнгө салынганын билдирген.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Талас облусундагы Жер-Үй кенинде алтын чыгарган фабрика ушул жылдын январь айынын аягы февралдын башынан тарта ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, учурда кенде кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп, алтын иштеткен фабриканын курулушу жаңыланды.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков "Алтын Альянс" компаниясынын жетекчиси менен жолугушуп, инвестор, өкмөт жана жергиликтүү тургундардын ортосундагы талаш маселелер жөнгө салынганын билдирди.
"Өкмөт ишкананын ишмердүүлүгүнө кол кабыш кылат. Кыш бүткүчө фабрика алтындын куймаларын чыгарып калат деп үмүттөнөм", — деди премьер-министр.
Новиков жергиликтүү тургундар менен ишкананын ортосундагы экономикалык байланыш жана диалогду мындан ары да жакшыртуу маселесине токтолгон.
Алтын казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда баалуу металл рудасын экспорттоо тонналап өстү
"Кыргыз өкмөтү үчүн инвесторлордун жумушун үзгүлтүккө учуратпай, алардын коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Таластагы каражаты коммерциялык банкта сакталып турган "Бакубат Талас" өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн карап көрүүнү сунуштайм. Бул каражаттын бир бөлүгүн аймактагы ишкерликти өнүктүрүүнү колдоого багыттаса болот. Эл каражат алардын жыргалчылыгы үчүн жумшалып жатканын билиши керек. Дагы бир маанилүү маселе продукцияларды өндүрүү үчүн экономикалык кластерлерди түзүү зарыл. Компания тамак-аш продукцияларын гана эмес, жергиликтүү ишканалардан чыккан өндүрүш продукцияларын да алышы керек. Ошондо жергиликтүү эл менен алака да жакшырат", — деди Новиков.
Ал кен казууда эл аралык экологиялык талаптарды аткаруу зарылдыгына токтолгон. Ошондой эле калдык сактагычты курууда чет элдик көз карандысыз эксперттер жана жергиликтүү активисттер менен бирге анализ жүргүзүүнү тапшырган.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тоо кен ишканаларында болуп, алардын жумушу менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда жүргөн Новиков тоо-кен ишканаларынын жумушу менен таанышты
Эске салсак, 6-октябрда Жер-Үй алтын кениндеги "Альянс Алтын" компаниясы ишин токтоткон.
Компаниядан билдиришкендей, Жер-Үйдүн өндүрүштүк аймагына белгисиз адамдар уруксатсыз кирип кеткен. Окуя болгон жерде тартылган видеодо көрүнүп тургандай, кен казган жерде курулуш өрттөнгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, андан компания 15-20 миллион доллар чыгымга учураган.
Жаңылыктар түрмөгү
0