Январда пенсияга каражат жетпей калышы мүмкүн. Соцфонд жардам сурады

Жазылуу
Соцфондго каражат камсыздандыруу төлөмдөрүнөн жана Финансы министрлигинен түшөт, учурда эки жакта тең акча жок болууда.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар. Бул туурасында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева парламенттин жыйынында билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун 2021-жылга карата бюджети каралды.

"Соцфонддун бюджетинин дефицити 2020-жылга карата 1 миллиард 333 миллион сомду түздү. Мурда ашыкча каражаттарды коммерциялык банктарга депозитке салчубуз. Ал жактагы 1,3 миллиард сомду жана резерв фондундагы 800 миллион сомду коротуп бүттүк. Ар бир айдын онунда эптеп акча чогултуп берип жатабыз. Азыр декабрь айына пенсияларды төлөп беребиз. Ал эми январь айы үчүн Салык кызматы декабрда планды толтурганына жараша болот. Ошого карабай биз алдын ала Финансы министрлиги менен макулдаштык, жетпей калса жардам берет", — деди Жуматаева.

Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцфонд кайсы мамлекеттерде иштеген мигранттар пенсия ала аларын айтты
Ошондой эле ал Соцфондго каражат камсыздандыруу төлөмдөрүнөн жана Финансы министрлигинен келерин белгилеп, учурда эки жакта тең жок болуп жатканы айтты. Андыктан чыгымдарды оптималдаштыруу керектигин белгиледи.

Жуматаеванын айтымында, 2019-жылы 45 миңден ашуун адам жаңыдан пенсия алса, анын жарымы белгиленген жаш курагынан мурда пенсияга чыкканы аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0