ЕАЭБ жана Кытай бажы ташуулары боюнча маалымат алмашууну баштайт

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүЧек арада турган жүк ташыган автоунаа. Архив
Чек арада турган жүк ташыган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макулдашуу күчүнө кирет, бирок деталдары долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан протоколго жазылат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдик жана Кытай товарлар, аларды эл аралык масштабда союз менен Кытайдын бажы чек араларынан ташылышы боюнча маалымат алмашууну баштайт. 21-ноябрда бул жааттагы макулдашуу күчүнө кире тургандыгын ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ аймагында "COVID жок саякаттайм" тиркемеси ишке кирет. Артыкчылыгы
Маалымат алмашуунун катышуучулары мамлекеттердин бажы боюнча органдары — биримдиктин мүчөлөрү жана Кытайдын Бажы башкармалыгы болмокчу.

Макулдашуу аталган процесстин этап боюнча ишке ашыруунун ыкмаларын аныктайт, ал эми деталдар катышуучулар өз ара түзө турган протоколдорго жазылмакчы.

ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча коллегиянын мүчөсү (КРдин атынан көрсөтүлгөн министр) Олег Панкратов бул жааттагы биргелешкен түшүнүү кадамдары чек аралар арасында товарлардын сатылышы менен коопсуздугун камсыздоодо маалымат алмашуу өтө маанилүү экендигине токтолгон.

"Келишимдегилерди ишке ашыруу Бажы кызматтары жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн мыйзамды сактап иштеген катышуучулары үчүн өтө пайдалуу болот деп эсептейбиз", — деген ал.

Комиссия биримдиктин мүчөлөрү менен биргеликте маалымат алмашууну ишке ашыруу боюнча протоколду иштеп чыккан. Учурда Кытай менен протоколдун жалпы жоболорун талкуулоо макулдашуусу боюнча кат алышуулар болуп жатат.

Дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырып, чек аралар ачылгандан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундун жана техникалык адистердин жолугушуусун уюштуруу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0